Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Эл аралык комиссия корутундусун марттын аягында жарыялашы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” июнь окуяларын иликтеген Эл аралык комиссиянын төрагасы, ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Кильюнен билдирди. Анын айтымында, комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын мындан бир апта мурда бүтүрүп, корутундуну президентке жана өкмөткө жөнөттү. “Кыргыз тарап бул отчетту карап чыккан соң, алардын комментарийлери менен кошо жалпы жыйынтык март айынын акырында жарыяланышы мүмкүн. Бирок, кыргыз өкмөтү канча убакытта отчетту карап чыгары али белгисиз”,-деди Килюнен.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад аймагында орун алган коогалаңды иликтеген Эл аралык комиссия өткөн жылдын октябрь айында иликтөөлөрүн баштаган. Буга чейин июнь коогалаңын иликтеген Улуттук комиссия бир нече апта мурда өз ишинин жыйынтыгын жарыялаган. Анда тополоңго айрым жергиликтүү өзбек тектүү лидерлер шыкакчы болгон деп белгиленип, Кыргызстанда 7-апрел ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кандуу окуяларды алдын алган эмес деген жыйынтык чыгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG