Бишкектеги “Ата-Түрк” сейил багына жакын жашаган шаар тургундары парктагы бактардын кыйылып, үйлөрдүн салынышы боюнча президентке кат жолдошту. Бул маалыматты “Азаттыкка” президенттин аппаратынан тастыкташты. Катта “Ата-Түрк” багынын батыш тарабындагы бак-дарактар кыйылып жатканы айтылып, мындан улам жашоочулар бийликти бул маселе боюнча чукул чара көрүүгө чакырып, бул маселеге көз жумуп жатат деп жергиликтүү бийликти сынга алышкан.
Бишкек шаар бийлиги аталган сейил бактагы курулуш иштеринин мыйзамдуулугун иликтей баштаганын “Азаттыкка” курган маегинде мэр Иса Өмүркулов билдирген болчу.
28-февралда Жогорку Сот "Ата-Түрк" сейил багындагы курулуштарга коюлган мораторийди алып салган шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Бир катар экологиялык уюмдар бул чечимди тааныбай, каршылык аракеттерин уланта тургандыктарын билдиришкен болчу. (KKs)