Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бүгүн Кыргызстандын сот кызматкерлеринин күнү


Бул күнгө карата Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Кыргызстандагы сот тармагында иштеген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө Жамашева Кыргызстанда сот адилеттүүлүгү эл аралык деңгээлге жетти деп айтууга али эрте экендигин, өлкөнүн демократиялык жана укуктук мамлекет болуп калыптанышы соттордун кийинки аракетине жараша болоорун баса белгиледи.

Кыргызстанда сот системасынын кызматкерлеринин күнү 2004-жылдан тарта белгиленип келе жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG