Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Президент Отунбаеванын Франциядагы иш сапары аяктады


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекет башчы бүгүн таң эрте Бишкекке учуп келди.

Президенттин Францияга иш сапары 3-мартта башталган. Анын алкагында Отунбаева Франциянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Бернар Акуайе, Франция Сенатынын төрагасы Жерар Ларше менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мындан сырткары Париждеги ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде болуп, Чыгыш тилдери жана цивилизациялары институтунун иши менен да таанышты. Франция бийлигинин бир катар өкүлдөрү Кыргызстандагы парламенттин башкаруу системасын жакташып, өлкө менен кызматташууга даяр экендигин билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG