Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Укук саясаты боюнча концепция талкууга алынууда


Президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Бишкекте укук саясаты боюнча концепцияны иштеп чыгуучу жумушчу топтун отуруму өтүп жатат. Бул отурумга юристтер, жарандык коомдун өкүлдөрү, сот системасындагы жана укук коргоо тармагындагы кызматкерлер катышууда. Алар Кыргызстанда коррупция жана криминал менен күрөшүү, сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо, укуктук билимди жогорулатуу багытындагы концепцияны иштеп чыгышмакчы.

Аталган жумушчу топ президенттин жардыгы менен өткөн аптада түзүлгөн. Ага ылайык бул топ Кыргызстандын укуктук саясатынын эрежелерин иштеп чыгып, 15-мартка чейин өкмөткө сунуш кылышы керек. Жогорку Кеңеш бекиткенден кийин Кыргызстандагы укук коргоо жана сот тармагындагы реформалар ал концепциянын негизинде жүргүзүлмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG