Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн тогуз тонна ун Каракол шаарындагы аз камсыз болгон 180 үй-бүлөгө берилди. Каракол шаардык социалдык коргоо башкармачылыгынын башчысы Чынара Аблабекова “Азаттыкка” билдиргендей, бекер ун февраль айындагы өкмөттүн чечимине ылайык бардык региондорго, анын ичинде Караколдогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жатат. Былтыр да жөлөк пул алган бир катар үй-бүлөлөргө аталган резервден 50 килограммдан ун таратылган болчу. (EBu)