Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

6-мартта айрым аймактарда кар жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 6-мартта Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл кылаасында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 4…9 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -7…-12 градус, күндүз 3…8 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7 градус суук, күндүз 6…8 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG