Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Ливиядагы соңку кагылыштарда 30 киши өлгөнү кабарланууда


Ливияда Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен көтөрүлүшчүлөр ортосунда кагылышуулар жүрүүдө. Ройтерс агенттигинин жергиликтүү элге таянып билдиришинче, өлкө байтакты Триполиден 50 чакырымдай батыштагы Завия шаарындагы аткылашууда кеминде 30 киши, анын ичинде адаватчылардын командири курман болгон. Эки жак тең "шаар биздин ээлигибизде" деп жар салууда.

4-мартта эрегишчилер мунай иштетүүчү Рас Лануф шаарын толук ээлегенин билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Көтөрүлүштүн очогу, чыгыштагы Бенгази шаарында курал жарак сактоочу кампа жарылып, 19 киши өлгөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG