Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Отунбаевага Мамдепартаменттин "Каармандык үчүн" сыйлыгы тапшырылат


Мамлекет башчы Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик департаментинин "Каармандык үчүн" аттуу айымдардын эл аралык сыйлыгына арзыды. Президентин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, өлкө башчынын атына АКШдан расмий түрдө чакыруу каты келди. Буга байланыштуу Роза Отунбаева салтанаттуу аземге катышуу үчүн эртең (6-мартта) АКШга жол тартат. Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Вашингтондогу сыйлык тапшыруу аземине катышуу менен бирге бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган бул сыйлык 2007-жылдан бери дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрүндөгү айымдарга тапшырылып келет. Алгач АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс тарабынан негизделген бул сыйлыкка буга чейин жалпысынан 27 өлкөдөн 36 айым татыктуу болушкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG