Сауд Арабияда демонстрация жана көчө жүрүштөрүн өткөрүүгө тыйуу салынды. Ички иштер министри 5-марттагы билдирүүсүндө “Падышалыктын жоболору демонстрациянын бардык түрлөрү, көчө жүрүштөр жана отуруп нааразылык билдирүү шарият менен Саудия коомунун салтына каршы келгендиктен, аларды өткөрүүгө тыйуу салат”- деп айтылат. Өкмөттүк Ес-Ри-Ей агенттигинин Ички иштер министрлигине шилтеп маалымдашынча, коомдук таптипти бузууларга каршы бардык чаралар көрүлөт. Мындай чара шиит азчылыктары Саудиянын мунайга бай чыгыш провинциясында чакан нааразылык акциясын өткөргөндөн кийин кабыл алынды.