Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Мамлекет башчы Роза Отунбаева АКШга жөнөп кетти


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» кабарлашты. Вашингтондо Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик департаментинин «Каармандык үчүн» аттуу айымдардын эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземине катышат. Мындан сырткары Кошмо штаттардын бир катар бийлик өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушмакчы. "Каармандык үчүн" аттуу сыйлык президент Роза Отунбаевага берилери буга чейин кабарланган.

АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган бул сыйлык 2007-жылдан бери дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдөгү айымдарга тапшырылып келет. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс тарабынан негизделген бул сыйлык менен жалпысынан 27 өлкөдөн 36 айым сыйланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG