Россиялык таанымал адам укугун коргоочу, анти-расисттик кыймылдын көрүнүктү өкүлү Галина Кожевникова 36 жашында катуу ооруудан көз жумду. Маркум Москвада жайгашкан СОВА борборунун директорунун орун басары болчу. Бул борбор Россиядагы улутчулдук, расизм, ксенофобия проблемаларын изилдейт. Галина Кожевникова жана СОВА борбору Россиядагы расалык адам өлтүрүүлөр менен кол салуулардын себептери жөнүндө өтө реалдуу маалыматтарды чогулткан. Кремль каалабаган бул изилдөөлөр расалык чабуулдун негизги курмандыктары мурдакы советтик республикалардан келген мигрнат жумушчулар экенин айкын кылган.