Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында жолго коюлган бомбадан алты ирактык курман болду. Ондон ашуун адам жараат алды. Басра провинциясынын коопсуздук кызматынын башчысы Али Маликинин сөзүнчө, бомба АКШлык аскерий кербен өтүп баратканда жарылмак экен. Бирок тескерисинче жүргүнчүлөрдү тарткан автобус өтүп баратканда жарылган. Иракта согуштук аракеттер соңку беш жылда азайып калган. Бирок бомба чабуулдарынан февраль айында эле 200дөй адамдын каны төгүлгөн.