Түркиянын соту белгилүү журналисттер Недим Сенер менен Ахмед Шикти өкмөттү кулатуу аракетине катыштыгы бар деген шектенүүгө байланыштуу сот аяктаганча убактылуу абак жайда кармалсын деп чечти. Алар соттун чечимине ылайык, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган башындагы азыркы өкмөттү 2003-жылы кулатууга аракет кылган деп шектелген адамдардын соту бүткөнчө абактан чыгарылбайт. Сынчылардын айтымында, таанымал журналисттерди убактылуу эркинен ажыратуу Түркиядагы сөз эркиндигине коркунуч туудурат.