Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Ооганстан бейкүнөө жарандардын өмүрү кыйылышы менен “келише албайт”


Президент Хамид Карзай кечээ Кабулда АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин командачысы, генерал Дэвид Петреус менен жолугуп, АКШ баштаган күчтөрдүн аскерий операциялар учурунда жөн-жай тургундар арасына алып келген жоготуулары менен анын өлкөсү “мындан ары келише албасын” жана кечирим суроолор жетишсиздигин бидирген. Карзай бул тууралуу НАТОнун тик учактарынын чыгыштагы Кунар провинциясында 2-март күнкү жортуулунан отун терип жүргөн тогуз жаш бала мерт болгондон кийин айтты. Кечээ Кабулда бул окуяга нааразылык билдирүү үчүн чогулган жүздөгөн оогандар “Америкага өлүм” деп кыйкырышып, каза тапкан балдардын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү.

XS
SM
MD
LG