Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

БУУнун башкатчысы Ливияда жарандарга кол салуу токтотулушун талап кылды


Пан Ги Мун Ливияда жарандарга каршы “ылгабастан” кол салуу токтотулуусун талап кылып, эл аралык мыйзамдарды бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Ал мындай эскертүүнү Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса менен телефон сүйлөшүүсүндө жасаган. Эки тарап борбор Триполиде, гуманитардык кырдаалды баалоо үчүн БУУнун тобун тезинен жөнөтүүнү макулдашкан. БУУнун башкатчысы өзүнүн Ливия боюнча өкүлү кылып Йорданиянын тышкы иштер министри Абделил ал-Хатибди дайындады.

Мунун алдында кечээ Ливия лидери Каддафинин күчтөрү козголоңчулардын колундагы шаарларды алуу аркетинде танктарды, артиллерияны, согуштук учактар менен тик учактар колдогону тууралуу маалыматтар түшкөн. Алар борбор Триполиден 200 чакырым чыгыштагы Мисрата шаарына кирүүгө жетишип, бирок кайра козголоңчулар тарабынан сүрүп чыгарылган.
Каддафинин аскерлери козголоңчулардын борбор Триполиден 660 чакырым чыгыштагы РасЛануф шаарынын жанындагы турумдарына да сокку урган. Ал эми Каддафинин кичи мекени болгон – Сирт шаарына бара жаткан жолдогу БинЖавад шаарынан козголоңчулар чегинүүгө аргасыз болушту.

Бул аралыкта британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Британиянын дипломатиялык тобун кайра артка чакыртып алгандыгын билдирди. Мунун алдында “Sunday Times” гезити кечээ Британиянын атайын аскер аба-күчтөрүнүн тобу чыгыштагы Бенгази шаарында оппозиция лидерлери менен байланыш түзүү үчүн жүргөн жеринен кармалгандыгын маалымдаган. Хейг кечээ Консервативдик партиянын жыйынында сүйлөгөн учурунда эл аралык коомчулук ар кандай кырдаалга даяр туруусу керектигин белгиледи:

- Биз айдан-ачык белги бердик. Ливиядагы зордук-зомбулуктар токтошу керек. Өз өлкөсүнүн келечегин аныктоого укуктуу ливиялыктар үчүн эң жакшысы – Каддафинин кеткени. Ал эми эл аралык коомчулук кокус кыянатчылыктар күчөп кетсе, эмне кыларын азыр пландап, Ливиядагы баардык күтүлбөстүктөргө даяр туруусу керек.

Ал эми немец тышкы иштер министри Гидо Вестервелле БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүсү керектигин айтууда.

XS
SM
MD
LG