Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Бишкекте “Франкофония” жумалыгы болот


Швейцариянын кызматташтык боюнча бюросу менен Франциянын Кыргызстандагы элчилиги 14-марттан 20-мартка чейин “Франкофония” жумалыгын өткөрөт. “Франкофония” жумалыгы – француз тилдүү мамлекеттердин маданиятын жана тилин даңазалоо, тааныштыруу максатын көздөйт.

Кыргызстанда “Франкофония” жумалыгы бир канча жылдан бери март айында уюштурулуп, француз тилин жана маданиятын жайылтуу максатында бир жума бою француз тилиндеги тасмалар, концерттер, сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн ар түрдүү конкурстар уюштурулат. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташтык боюнча бюросу билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG