Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

ЖККУ Беларус агенттигинин Кыргызстан боюнча маалыматын төгүндөдү


Бул туууралуу Орусиянын “Регнум” жаңылыктар агенттиги кабарлады. Аталган уюмдун катчылыгындагы аты аталбаган булакка шилтеме жасоо менен “ ЖККУ Кыргызстанда түзүлүп жаткан кырдаалга тынчызданат, бул республикага согушкерлердин кол салуу, террордук актыларды жасоо ыктымалдуулугу боюнча кооптондурган маалыматар түшүүдө”, - деп айтылган кабарды оболу Беларустун мамлекетик “БелТА” жаңылыктар агенттиги 4-мартта таратып, аны эртеси Кыргызстандын “ 24.kg” агенттиги да жарыялаган.

“Орусиянын “Регнум” агенттиги кабарлагандай, аларга ЖККУнун катчылыгынын билдирүүсү келип түшкөн. Анда “БелТанын” материалы жана ошол эле материалда өлкө жетекчилигине берилген мүнөздөмөлөр чындыкка дал келбеси, ЖККУнун катчылыгы андай маалыматты таратпагандыгы көргөзүлгөн.

Мындан сырткары билдирүүдө Кыргызстандын жетекчилиги 2010-жылы апрель менен июнундагы белгилүү окуялардан кийин өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн көп аракеттерди көргөнү, топтолуп калган саясий, экономикалык, социалдык проблемаларды чечүүнү үстүндө активдүү иштөөнү, ЖККУнун алкагындагы баардык милдеттемелерин аткарууну улантып жатканы белгиленген. (UE)

XS
SM
MD
LG