Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Аба ырайы


8-мартка карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, айрым жерлерде жаан-чачын болот. Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл тилкесинде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1 даража, күндүз 6…11 даража жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн -3…-8 даража, күндүз 5…10 даража жылуу, Баткенде түнкүсүн 0…-5 даража, күндүз +6… +11 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1 даража, күндүз 6…11 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9 даража, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7 даража, күндүз 2… 7 даража жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -19... -24, күндүз -7... -12 даража.

Бишкек шаарында 8-мартта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1… -3 даража, күндүз 7… 9 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG