Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Бахрейн: митингчилер АКШга нааразылыгын билдирүүдө


Жүздөгөн шийиттер баш калаа Манамадагы АКШ элчилигинин жанына чогулушту. Алардын айтуусунда, АКШ өкмөтү Египет менен Тунистеги бийлик алмашууга көп колдоо берип, Бахрейнге болсо көңүл бурбай жатат. Нааразылыкка чыккандар баштагыдай эле суннилердин монархиясын реформалоону талап кылууда.

Бахрейн АКШ үчүн өтө маанилүү өлкө болуп саналат. Бул жерде америкалык чоң аскер деңиз базасы жайгашып, чөлкөмдөгү Ирандын таасирине каршы турган күч болуп саналат.

Бахрейндеги демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган митингдер 14-февралда башталган. Жекшембиде дагы миңдеген адамдар башкаруучу режимге каршы өкмөт үйүнүн жанына чыгышты.

XS
SM
MD
LG