ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:08

Эстониядагы шайлоодо башкаруучу партия алдыда

Эстониядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын алгачкы маалыматы боюнча премьер-министр Андрус Ансип жетекчилик кылган Реформаторлук партия алдыда баратат. Эстониянын шайлоо комиссиясы башкаруучу партия 30% чукул добуш алгандыгын билдирет. Экинчи орунда 23% тегерегинде добуш жыйнаган Орточул партия, ага удаалаш 20% менен «Ата Мекен жана Республика Союзу» келатат. Социал-демократтар партиясы дагы 17% тегерегинде добуш топтоп парламентке кирет.
​
XS
SM
MD
LG