Роберт Гейтс Кабул менен Вашингтон 2014-жылы согуштук операциялар аяктагандан кийин америкалык аскерлер ооган күчтөрүн атайын даярдыктан өткөрүүгө тартыла тургандыгы боюнча макулдашууга келгенин билдирди.
Министр Гейтс бүгүн Ооганстанга капысынан келип, өлкөнүн түштүгү Баграмдагы америкалык жана НАТОнун эл аралык аскердик күчтөрүнүн башкы базасында болду. Роберт Гейтстин ооган президенти Хамид Карзай менен жолугаары күтүлүүдө.
Эки күндүк иш сапар маалында Гейтс талиптер басымдуулук кылган Ооганстандын чыгыш жана түштүк аймактарына бараары айтылууда.
2-мартта НАТОнун тик учактары жаңылыштык кылып, бейкүнөө 9 баланы өлтүргөндөн бери жергиликтүү калк ичинде АКШга каршы маанайдагы чыңалуу күч алууда.