Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Каддафи Ливияда «баары жайында» деди


Африкалык союз Ливиядагы кырдаалды иликтөөгө өз комиссиясын жиберет. Бул тууралуу Каддафи «Франция 24» сыналгы каналына берген маегинде айткан.

Каддафинин айтуусунда, Африкалык союздун кырдаал боюнча баяндамасы Ливия тууралуу айтылып жаткан маалыматтар «100 пайыз жалган» экенин көрсөтөт жана «Ливияда баары жайында» деп кошумчалады.

Жекшембиде баш калаа Триполиден 200 чакырым алыстагы козголоңчулар ээлеп алган Мисрата шаарын кайра алуу үчүн Каддафинин күчтөрү менен ага каршылардын ортосунда катуу согуш болгону кабарланды. Рас-Лануф шаарынан 50 чакырым алыстагы Бин Жавад шаарын Каддафини колдогон күчтөр козголоңчулардан тартып алганы маалымдалды.

Ливиянын түштүгүндө козглоңчулар менен Каддафинин күчтөрү кагылышып жатканы байма-бай айтылууда.

XS
SM
MD
LG