Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Улуттар уюму Ливияга атайын тобун жиберүүдө


Улуттар Уюму Ливиядагы козголоңчулар менен Каддафини колдогон топтордун кармашы күчөп бараткандыктан, кырдаалды көрүп баалоо үчүн тобун жиберүүгө камынууда. Баш катчы Пан Ги Мун Йорданиянын мурдагы министри Абделлах ал-Хатибди Ливияданы атайын чабарманы катары атады.

Пан Ги Мун Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө карапайым адамдарга чабуул коюну токтотууну талап кылып, эл аралык укукту бузгандар сот жообуна тартылаарын билдирди.

Жекшембиде баш калаа Триполиден 200 чакырым алыстагы козголоңчулар ээлеп алган Мисрата шаарын кайра алуу үчүн Каддафинин күчтөрү менен ага каршылардын ортосунда катуу согуш жүргөнү кабарланды. Рас-Лануф шаарынан 50 чакырым алыстагы Бин Жавад шаарын Каддафини колдогон күчтөр козглоңчулардан тартып алганы кабарланды.

Ливиянын түштүгүндө козглоңчулар менен Каддафинин күчтөрү кагылышып жатканы байма-бай айтылууда.

XS
SM
MD
LG