Бажы кызматы кечээ кечинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Кадамжай бажы постунда Тажикстандан көмүр тартып келаткан оор жүк ташуучу унааны кармашты. Бажычылар көмүрдүн астын текшере келгенде желим бөтөлкөлөргө куюлган 5 тонна техникалык спирт табылган. Ушул тапта бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бажы кызматынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Абдылда Малдыбаев билдирди. (IJz)