Кытай, Бразилия сындуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы “абдан эле ыкчам өсүп жатканын” Эл аралык валюта кору билдирүүдө. Кордун жетекчилеринин бири Жон Липскинин айтымында, бул өлкөлөр инфляцияны ооздуктоо, чет элдик инвенстициялардын агымына көзөмөл салуу үчүн көп күч үрөп жатышат.
БУУнун өкүлү белгилегендей, кара майга баанын көтөрүлүүсү инфляциянын жогорулоосуна көмөктөшөт. Бирок валюта корунун өкүлүнүн айтымында, алардын экономикалык жоромолдору жакынкы күндөрү өзгөрбөйт. Анткени мунайга баанын көтөрүлүүсү узакка созулчудай эмес.