Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Аба ырайы


9-мартка карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда ала булут каптап турат, айрым жерлерде жаан-чачын болот. Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл тилкесинде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4… 9 даража жылуу, күндүз 12…17 даража жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 2…7 даража жылуу, күндүз +10…+15 даража. Баткенде түнкүсүн 4… 9 даража жылуу, күндүз +10… +15 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4… 9 даража жылуу, күндүз 11…16 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 даража жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11 даража, күндүз -4… +1 даража болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -19... -24, күндүз -7... -12 даража.

Бишкек шаарында 9-мартта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6… 8 даража, күндүз 14… 16 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG