Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Отунбаева Конгресс китепканасына «Манастын» жыйнагын берди


АКШдагы иш сапары маалында, 7-мартта президент Роза Отунбаева башында турган кыргыз делегациясы АКШнын Конгрессинин китепканасына барды. Китепканага «Манас» улуттук эпосунун кыргыз жана англис тилиндеги жыйнагы берилди. Конгресстин китепканасынын залдарын кыдыруу учурунда кыргыз делегациясы көргөзүүгө коюлган экспонаттар: АКШнын Көзкарандысыздыгынын декларациясынын, Конституциянын, Укук боюнча Биллдин оригиналдуу тексттери жана бөлөк тарыхый документтер менен таанышып чыкты.

Роза Отунбаева китеп билимдин жана муундар ортосундагы байланыштын маанилүү булагы болгонун жана ошол бойдон кала берерин белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын элдеринин маданияты жөнүндө айтып берди. Андан тышкары катышкандарга улуттук аспап болгон комузда ойноо көргөзүлдү. (IJz)

XS
SM
MD
LG