Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

Араб лигасы Ливиядагы кырдаалды талкуулайт


Жума күнү Каирде Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ливиядагы кырдаалдын оорлошуп, зордук-зомбулуктун күч алганын талкуулайт. Бүгүн ислам конференциясы уюму Ливиянын аба мейкиндигинде аскердик учактарды учурбоо боюнча эл аралык коомчулуктун чакырыгына кошулаарын билдирди.

Британия менен Франция Улуттар Уюмунун атынан Ливиянын аба мейкиндигинде учпоо тууралуу документти түзүүгө киришти. Орусия болсо аскердик кийлигишүүгө макул эмес.

Бүгүн Рас-Лануф шаарын козголоңчулардан бошотуу үчүн Каддафинин күчтөрү Орусиядан чыккан Су-27 учагы менен абадан сокку урду. Дүйшөмбүдө Каддафини колдогон күчтөр Бин Жавин шаарын козголоңчулардан кайра тартып алышкан.

XS
SM
MD
LG