Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Чехияда Аскаровго «Homo Homini» сыйлыгы ыйгарылат


Бүгүн Прага шаарында чехиялык «Зарыккан адамдар» деген бейөкмөт уюмдун «Homo Homini» аттуу сыйлыгы учурда абакта жаткан кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго ыйгарылат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат катында айтылат. Сыйлык тапшыруу аземине Аскаровдун уулу катышып, атасынын абактан жазган катын окуп берет.

«Аскаровга ыйгарылган бул сыйлык балким анын абактагы абалын бир аз болсо дагы жеңилдетип, журналисттер менен дипломаттардын назарын өзүнө бураар», деп билдирет сыйлык ыйгарган уюмдун жетекчиси Шимон Панек.

Эл аралык «Homo Homini» сыйлыгы адам укугу үчүн күрөшкөн тайманбас активисттерге берилет. Буга чейин бул сыйлыкка кытайлык укук коргоочу, 2010-жылдагы Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Лю Сяобо баш болгон эл аралык таанымал укук коргоочулар ээ болушкан.

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалга тиешеси бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Учурда абакта жазасын өтөөдө. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргооочу уюмдар Аскаровду эркиндикке чыгарууну талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG