Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Тажибаева Отунбаеванын сыйлыгына каршылыгын билдирди


Өзбекстандык укук коргоочу, «Каармандык үчүн» сыйлыгынын 2009-жылдагы ээси Мутабар Тажибаева АКШ Мамлекеттик департаменти бул жылы сыйлыкты Кыргызстандын президенти Роза Отунбевага ыйгарып жаткандыгына каршылыгын билдирип, өзүнүн сыйлыгынан баш тартаарын айтты. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысынын өзбек кызматы билдирет.

Мутабар Тажибаева АКШ Мамлекеттик департаменти эл аралык сыйлыкты Роза Отунбаевага тапшыруу менен «менин өлкөмдүн АКШ адилеттүүлүккө жана чындыкка күрөшөт деген ишенимин өлтүрдү», деп билдирди.

«Роза Отунбаева менин улутташтарымдын зордук-зомбулук менен өлтүрүүгө жол берип, менин элиме жиберилген гуманитардык көмөктүн уурдалышын жана этникалык тазалоону токтото алган жок. Андан кийин азыркыга чейин өзбектердин куугунтукталышын токтотууга чамасы жеткен жок», деп жазат.

АКШ Мамлекеттик департаментинин интернет сайтында Роза Отунбаева Борбор Азияда өлкө башына келген биринчи аял катары жана Кыргызстанда апрелдеги бийлик алмашуудан кийин «чачыранды оппозицияны өткөөл өкмөттүн курамына бириктире алды» деп айтылат.

49 жаштагы Мутабар Тажибаева Өзбекстанда адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгү үчүн эки жыл абакта отуруп чыккан. Учурда Францияда жашайт.

XS
SM
MD
LG