АКШнын Мамлекеттик департаменти уюштурган “Каарман аял” эл аралык сыйлыгы Кыргыз мамлекетинин жетечиси Роза Отунбаевага 8-мартта Вашингтон шаарында Мамлекеттик Департаментте өткөн салтанаттуу аземде тапшырылды.
«Биз буга чейин бул сыйлыкты өлкө жетекчисине берген эмеспиз. Бирок бизди Борбордук Азиядагы биринчи аял лидер, Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын зор каармандыгы, жетекчилиги, майтарылбас эрки шыктандырды”, - деп айтты Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.
2011-жылдагы “Каарман аял” сыйлыгын алып жатып, президент Отунбаева: “Мен бул сыйлыкты Кыргызстанда талыкпастан эркиндикке умтулган аялдардын урматына деп кабыл алам. Бул сыйлык кырдаалга карабастан, өздөрүнүн адамдык ар намысын сыйлоого жогору талап койгондорго арналат”, - деп билдирди.
Сыйлык тапшыруу аземине АКШнын "Биринчи айымы" Мишел Обама дагы катышып, 2011-жылдагы "Каарман аялдарды" куттуктады.
Президент Отунбаеваны бул эл аралык сыйлыкка АКШнын Кыргызстандагы элчилиги көрсөткөн.