Кытай өкмөтү быйыл наркы арзан үйдөн 10 миллионду куруу үчүн 200 миллиард доллар сарптамакчы. Расмий Бээжин мындай чараларды байлар менен жакырлар ортосундагы ажырымды азайтып, фермерлер менен завод-фабрикалардын жумушчуларын керектөөчү коомго айлантуу аракетинин алкагында көрүүдө. Бул план боюнча айлык акылар, социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү да көбөйтүлүшү керек. Кытай парламенти – Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын учурда өтүп жаткан жылдык сессиясы учурунда айтылгандай, алдыдагы беш жылда арзан үйлөрдөн 36 миллион даананы куруу мерчемделүүдө.