Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

АКШ жана британ лидерлери Ливиядагы кризисти талкуулады


Президент Барак Обама менен премьер-министр Дэвид Кэмерон телефон сүйлөшүүсүндө алар Ливия лидери Муаммар Каддафи бийликтен мүмкүн болушунча тез кетүүсү керек деп эсептешерин билдиршкен. Ак үйдүн маалыматында эки тарап Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоо маселесин да талкуулашкан.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун билдиргенине караганда, бул маселе боюнча чечимди Улуттар уюму кабыл алышы керек. Британ тышкы иштери министри Уильям Хейгдин айтымында, Британия менен Франция БУУнун тиешелүү резолюциясын даярдоодо.

Бул аралыкта, кабарларга караганда, борбор Триполиден 50 чакырымдай батышта жайгашкан Завия шаарын алуу үчүн кечээ Каддафиге жан тарткан күчтөр танктарды жана артиллерияны колдонду. Жергиликтүү тургундардын сөзүнө караганда, шаарга 50дөй танк чабуул койгон. Өкмөт аскерлер азыр шаардын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп жатат деп ырастоодо.

Ал эми чыгышта, Жер ортолук деңиздин жээгиндеги РасЛануф шаарынын айланасында, козголоңчулардын турумдарына абаддан сокку урулган.

Мунун алдында козголоңчулар алар Каддафинин өкүлдөрүнүн анын кызматтан чегинишинин чоо-жайы боюнча сүйлөшүү өткөрүү сунушун четке какканын билдиришкен. Өкмөт өкүлдөрү боло муну “болбогон кеп” деп аташты.

Ливия оппозициясынын лидерлери болсо Страсбургда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен жолугушту. Бүгүн алар Европарламентте сүйлөөрү күтүлүүдө.

Оппозиция курган Улуттук кеңештин төрагасы Махмуд Жебрилдин айтымында, Европарламент бул органды ливия элинин мыйзамдуу жалгыз өкүлчүлүгү катары кабыл алуусу керек.

XS
SM
MD
LG