Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Орусиянын Мамдумасынын депутаттары Ө.Бабановду айыптап чыгышты


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский жана депутат Семен Багдасаров Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановду коррупциялык иш-аракеттери үчүн айыпташты.

Алардын айтымында, Ө.Бабанов MegaCom компаниясын иштетип келатышкан орусиялык ишкерлерди рыноктон сүрүп чыгуу, компанияны алардан тартып алуу аракеттерине аралашып, кыргыз-орус мамилесине залакасын тийгизүүдө.

Ошентсе да алар Ө.Бабановдун андай иштерге аралашканы тууралуу конкреттүү фактыларды келтире алышкан жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG