Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Ташиев: Бабановдун коррупцияга катыштыгы аныкталса коалициядан чыгабыз


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Кыргызстанга иш сапары менен келишкен депутаттары биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду айыптап чыгышкан соң, “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, соттун чечим чыкмайынча кайсы бир адамды күнөөлөй берүү туура эмес. Андыктан орус депутаттары башка эгемен өлкөнүн жетекчилерин келип айыптоосу үчүн – фактылар керек.

Ошентсе да К.Ташиев, ушул тапта коалиция араң жан болуп иштеп атканын, эгерде Ө.Бабановдун коррупциялык схемаларга тиешеси бары аныктала турган болсо “Ата Журт” коалициядан чыгарын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG