Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Египет: Кагылышууда жапа чеккендердин саны өсүүдө


Каирде христиандар (тарса) менен мусулмандар кагылыша кетип, бери дегенде 10 киши набыт, жүздөн ашуун киши жарадар болду. Христиан динин тутунган адамдардын тобу шаардагы чиркөөнүн өрттөлүшүнө каршылык иретинде автожолду тосуп алышкан. Жолдун жабыктыгы унаачан мусулмандардын ачуусун келтирген дагы эки динди тутунгандардын ортосунда кагылышуу болгон. Христиандардын нааразылык акциясы эки күндөн бери уланып, миңдей киши катышууда.

XS
SM
MD
LG