Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Ливиянын аба мейкиндигин чектөөгө бирдиктүү чечим жок


Расмий Вашингтон кырдаал өтө курчуп турган Ливиянын аба мейкиндигинде учактардын учуусун чектөө боюнча чечимди бир жактуу кабыл ала албастыгын билдирди. Мындай чечим Улуттар Уюмунун санкциясы менен гана мүмкүн экендигин Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон айтты.

Ливиядагы козголоңчулар ээлеп алган аймактарды Каддафинин күчтөрүнүн бомбалап жатканы тыштан аскердик кийлигишүү тууралуу сунуштарды пайда кылып, бул өлкөнүн аба мейкиндигинде учактардын каттоосуна тыюу салуу сунушу келип чыккан.

Бул күндөрү Ливияда бомбалоо күчөдү, бул өлкөнү 41 жыл башкарган Муаммар Каддафи калкка кайрылып, анын бийлигине каршы чыккандарды «Ал Кайиданын» таасиринде калгандар катары атады. Ливияда бийликке каршы демонстрациялар башталгандан бери миңден ашуун киши набыт болуп, эки жүз миңден ашуун ливиялыктар качкын болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG