Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Чехияда «Бир дүйнө» фестивалы башталды


Бул ирет адам укуктары боюнча дүйнөдөгү эң чоң эл аралык фестивалга 100дөн ашык тасма 40 мамлекеттен жиберилген. Фестивалдын ачылыш иш-чарасы Прагада 10 күн жүрүп, анын ичинде эки күн «Бир дүйнө мектепте» деген аталыштагы эл аралык жыйын (конференция) өтөт. Анда мектептерде даректүү тасмаларды колдонуу көйгөйлөрү талкууланат. Кыргызстанда даректүү тасмаларды мектеп окуучуларына көрсөтүү жана талкуулоо долбоору бир жыл мурун башталган.

Прагадагы «Бир дүйнө» фестивалынын ачылышына Кыргызстандан 4 киши - «Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунан 3 өкүл жана жаш кинорежиссер Чынгыз Нарынов келип катышты.

XS
SM
MD
LG