Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Ошто курал тапшыргандарга сыйлыктар берилет


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Баатыр Нышановдун “Азаттыкка” билдиришинче, элдин колуна тарап кеткен куралдарды жыйноонун экинчи айлампасы башталды. Ага ылайык гранатомет жана пулеметтерди өз каалоосу менен тапшыргандарга 8000 сом, Калашников автоматтарына, көзгө атар снайпердик винтовкаларга 4800 сом, карабин жана кесилген мылтык, аскердик тапанчалар, револьверлерге 3200 сом, сайлуу мылтык, газ куралдары, аскердик кол гранаталары, сапердук миналар жана инженердик жардыргыч заттарга 1600 сом, колго жасалган ок атуучу куралдарга 800 сом, тротил, гексоген жардыуучу заттардын 100 граммына 800 сом, аммонит, угленит жана башка өндүрүш жардыруучу заттарынын 100 граммына 420 сом, ар түрдүү калибрдеги октордун даанасына 3-5 сом, күкүрттү келип тапшыргандарга 10 граммына 50 сомдон сыйлыктар берилет. Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдагы декрети боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун укук коргоо органдары тарабынан чыгарылган буйрукка ылайык, буга чейин июнь окуяларынан кийин элдин колундагы куралдарды сатып алуу иштери жүргөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG