Флорида штатындагы Кеннеди космос борборуна ийгиликтүү конушу менен бул космос кеменин 30 жылга созулган миссиясы аяктоодо. АКШнын космос агенттиги – НАСА азыр колундагы үч “Дискавери” кемесин аларды кармоо жана иштетүү үчүн кеткен чыгымдын көптүгүнөн жана каражат мындан ары жаңы адамдарды жана жүктү космос станциясынын орбитасынан сырткары жактарга да жеткире алгыдай система курууга жумшалышы үчүн пайдаланууну токтотууда. Алдыда алардын эки ирет гана учуусу белгиленген. “Дискавери” акыркы сапары учурунда Эл аралык космос станциясына керектүү жабдууларды жеткирип келди.