Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

Орусияда миллиардерлер саны көбөйдү


Бул тууралуу америкалык “Форбс” журналы билдирүүдө. Дүйнөнүн эң бай адамдарынын аталган журнал жаңы түзгөн тизмесине караганда, быйыл Орусияда долларлык миллиардерлердин саны былтыркы 62ден 101ге көбөйгөн. Ошондой эле Москва дүйнөнүн миллиардерлер эң көп жашаган шаары болуп калды. Башкача айтканда Орусиянын азыркы 101 миллиардеринин 79су Москванын тургундары. Ал эми дүйнөнүн эң бай 100 адамынын 15и, Европанынын 300 миллиардеринин үчтөн бири орусиялыктар. Орустардын эң байы, болот магнаты Владимир Лисиндин дүйнө-мүлкүн “Форбс” 24 миллиард долларга баалаган. Ал ааламдагы байлар ичинен 14-орунда турат. Мексикалык телекоммуникация магнаты Карлос Слим 74 миллиард долларлык байлыгы менен быйыл да биринчиликти берген жок. Экинчи орунда 56 миллиард долларлык мүлкү менен “Майкрософт” компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык Билл Гейтс. “Форбстын” быйылкы тизмеси боюнча АКШда 413 миллиардер бар, Кытайдыкы 115. Ошентип “Форбс” журналы белгилегендей, жалпы саны 100дөн ашкан миллиардерлер АКШдан башка өлкөдө быйыл биринчи ирет пайда болуп олтурат.

XS
SM
MD
LG