Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Далай Лама Тибеттин саясий лидерлигинен кетүүдө


Тибеттин сүргүндөгү өкмөтүнүн саясий лидерлигинен кетип жатканы тууралуу 75 жаштагы монах Индиянын Дхарамсала шаарынан жарыялады. Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү ушул шаарда жайгашкан. Далай Ламанын айтымында, ал Тибеттин диний рухий лидери катары кала берет, ал эми саясий кыймылдын лидерин шайлоо жолу менен тандоого өтө турган мезгил келди. Далай Лама Тибеттен 1959-жылы Кытайдын башкаруусуна каршы көтөрүлүш оңунан чыкпай калган соң кеткен. Ал азыр Тибет Кытайдын ичинде кеңири автономияга ээ болушун жактайт. Кытай өкмөтү болсо аны Тибетте башалмандыктардын тутанышына жоопкер жикчи катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG