Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Масалиев менен Сыдыковго карата сот өкүмү чыкты


Биринчи май райондук соту Искак Масалиевди күнөөсүз деп таап, толугу менен актаган өкүмүн чыгарды. Ал эми мурдагы президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков жана анын жардамчысы Керим Макеев "бийликти күч менен алууга аракеттенген" деген беренелер боюнча толугу менен акталып, "массалык башаламандык уюштурган" деген беренелер боюнча күнөөлү деп табылды. Натыйжада Сыдыков жаш өзгөчөлүгү эске алынуу менен алты жыл шарттуу шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, анын ичинен бир жыл сыноо мөөнөтү берилди. Макеев болсо бир жыл сыноо мөөнөтү менен төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Сыдыков, Масалиевдерге 2010-жылдын 13-14-май күндөрү Ошто, Жалал-Абадда "бийликти күч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айыптар тагылган. Прокурор Исхак Масалиевди 14 жылга, Үсөн Сыдыковду 18 жылга эркинен ажыратуу сураган болчу. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпаттап келишкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG