Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

11-мартта айрым аймактарда жаан-чачын болушу мүмкүн


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 11-мартта Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлүшү мүмкүн. Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Тоолуу аймактардагы автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 7…12 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 6…11 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4 градус, күндүз 7…12 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус жылуу, күндүз 9…11 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG