Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Конгресстин комитети АКШдагы мусулмандардын радикалдашуусу боюнча угуусун баштады


Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын 10-мартта башталган угуусу АКШнын мусулман жамаатынын айрым мүчөлөрүнүн радикалдашуусун иликтөө үчүн өткөрүлүүдө.

Конгресстин ички коопсуздук комитетинин төрагасы Питер Кингдин айтымында, аны “ал-Кайида” жана ага өнөктөш топтор АКШнын ичинен америкалыктарды жана мусулмандарды террактарды ишке ашыруу үчүн тартууга аракеттенип жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтар кооптондурат.

Комитет башчысынын көз карашында, АКШдагы мусулмандардын лидерлери жана мечиттердин имамдары жаш мусулмандардын радикалдашуусуна каршы же тартип коргоо органдары менен кызматташуу багытында жетиштүү аракет көргөн жок. Мусулмандарды жана жарандык эркиндиктерди колдогондор болсо Конгресстеги угууну айыпташты. Алардын пикиринде, АКШдагы мусулмандардын бутага алынып жатышы адилетсиз.

Угууну сындагандар бул иш сенатор Жозеф МакКартини эске салып жатканын белгилешти. Ал 1950-жылдары коммунисттердин жана аларды колдогондордун айыбын ачууну максат кылган угууда төрагалык кылган эле.

XS
SM
MD
LG