Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Жо Байден Орусияны бизнес климатты жакшыртууга чакырды


АКШнын вице-президенти Жо Байдендин айтымында, коррупция жана мыйзам бузуулар - Орусияга инвестиция келиши үчүн “башкы тоскоолдуктар”. Ал Москва университетинде сүйлөгөн учурунда АКШ администрациясы Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү мүдөөсүн бекем колдоорун, соода боюнча Кансыз согуш доорун кабыл алынган мыйзам – Жексон-Вэник түзөтүүсүн жокко чыгаруу үчүн Конгресс менен иштешерин белгиледи. Мунун алдында кечээ Жо Байден менен жолугушуусу учурунда орус өкмөт башчысы Владимир Путин Орусия менен АКШ тарыхый кадам жасап, эки өлкө ортосундагы визаны жоюуну сунуш кылды. Ич ара визасыз каттоо үчүн Орусия менен Евробиримдик да аракеттенип келет. Бирок мындай аракеттер башталганы бир нече жыл болгону менен олуттуу жыйынтык бере элек.

XS
SM
MD
LG