Жо Байден Молдовага Орусиядагы сапарынан соң бүгүн келүүдө. Ал Москвада орус президенти Дмитрий Медведев, премьер-министри Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Иш сапары учурунда Байден орус бийликтерин өлкөнү саясий жана экономикалык жактан модернизациялоону көздөй жылууга чакырды. Ак үйдүн билдиргенине караганда, ал Молдовада Трансднестр чатагын чечүү багытындагы кадамдарга колдоо көрсөтмөкчү. Молдованын жикчил аймагы катары саналган Трансднестрде орустардын миңдей жоокери турат. АКШ вице- президенти Кишиневдун опера аянтында сөз сүйлөп, Молдованын премьер-министри Владимир Филат, президенттин милдетин аткаруучу Мариан Лупу менен жолугат.