Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Маалымат каражаттары менен иштеше турган департамент түзүлөт


Маданият жана маалымат министрлигинин алдында түзүлө турган бул департамент Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын маселелерин чечип, алардын сапатын жакшыртуу багытында иш алып бармакчы. Бул тууралуу министрликтин башкы адиси Кадырбек Абдраев Бишкекте өтүп жаткан Медиа-форумда билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта бул департаментти түзүү боюнча токтом кабыл алына элек, бирок анын структурасы иштелип чыгууда. Бул демилгени форумга катышкан бир катар аймактык ММКлардын өкүлдөрү да колдоп, маалымат каражаттары кайрыла турган атайын орган жок экендигин белгилешти. (KKs)

XS
SM
MD
LG