"Азаттыктын" парламенттеги кабарчысы маалымдагандай, Жогорку Кеңеште башкаруучу фракциялардын лидерлери жолугушуп, коалиция маселесин талкуулашты. Парламентке премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да келгени маалым болду. Ушул тапта коалицияга кирген айрым фракция мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөргөнү жатат.
Бүгүн бир катар депутаттардын демилгеси менен парламенттин жыйыны токтотулуп, коалицияга байланыштуу соңку жагдайлар талкууланары кабарланган. “Республика”, КСДП жана “Ата Журт” партияларынан турган башкаруучу коалиция 16-декабрда түзүлгөн болчу. (KKs)